Ош шаардык мэриясында жетекчилер алмашты

238

«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын директору Айгуль Наватова өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон буйрукка ылайык анын ордуна Данияр Токторбаев дайындалды. Токторбаев буга чейин аталган ишканада директордун орун басары болуп иштеген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь