Равшан Жээнбеков мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселеге токтолуп, өзүнүн пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Атамбаевди азыркы күндө өлкөнүн эң актуалдуу маселесине айланды деди. Ошондой эле, саясий  маселелер менен бирге адилеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү принциптер актуалдашат деп кошумчалаган.
“Экс президентти, саясий кызматчыларды, убактылуу, Элдик трибунал гана соттошу керек. Бийликтин элдешкис оппоненти, экс президент Атамбаевди соттоо аракети бүгүнкү күндө, өлкөдө эн актуалдуу маселеге айланды. Бийлик туура кылып жатат, бийлик Атамбаевден өч алып, саясий талааны тазалап атат дегендер да бар. Бул пикирлер саясий аргументтер жана риторикалар. Бирок, саясий маселелер менен бирге адилеттүүлү, мыйзам үстөмдүгү принциптери эртели кеч актуалдашат. Сот укуктук системасы коррупциялашкан, президентке көз каранды жана эл ишениминен ажыраган өлкөдө бул принциптер эртели кеч эң актуалдуу маселеге айланат. Дүйнөлүк мыйзам үстөмдүгү (Верховенство права) индекси боюнча, Кыргызстан, 120 мамлекеттин ичинен 85 – орунда, ал эми Кыргызстандын статистика комитети жүргүзгөн 2019 – жылдын, Эл ишеними индекси боюнча, укук коргоо органдары эл ишенбеген биринчи 5 органга кирген. Бул Кыргызстанда соттук укуктук система толугу менен талкаланган дегенди түшүндүрөт. Талкаланган укуктук жана соттук система мурдагы президентке, премьер министрлерге, ЖК төрагасына жана министрлерге күнөө коюп, соттой албайт. Укуктук соттук система реформаланганга чейин, жогорудагы коомдук саясий маанилүү кызматтагы адамдарды элдик трибунал соттосо туура болот. Ал эми, ал трибуналда мамлекеттик күнөөнү Башкы прокурор өзү- жеке камсыз кылышы керек. Бул жол, убактылуу, адилеттүүлүктү жана Башкы прокурордун жеке жоопкерчилиги аркылуу укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин камсыз кыла алат,” деди Равшан Жээнбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: