Ички иштер министрлиги Улан Саляновду өлтүрүү боюнча кылмыш ишине негизги шектүү болгон жаранды алып келген видеону жарыялады. ИИМ бул кылмыш үчүн жалпысынан үч киши – Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов гана 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Милиция белгилегендей, майдын соңунда Москвадан кармалып, экстрадицияланганы айтылган Асанэмир Абыкулов негизги шектүү катары өтүп жатат. Үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган.
Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрда башталган.
Соттук териштирүүнүн жана өзүнчө бөлүнүп алынган иштерди иликтөөнүн жүрүшүндө Көк-Жар жаңы конушунда Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген багыт божомолдоолор каралууда. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча ыкчам тергөө-иш-чаралары жүрүүдө.
Propecia Pill Bataquam viagra and cialis online Vitiggerty Salzarex Capsules Online Pharmacy