Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов абакта калтырылды

178

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду абакта калтырды. Бул тууралуу“Азаттыкка” жазды.

Буга чейин Октябрь райондук соту Жунусовду соттук териштирүү бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. Адвокаттар айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жогорку инстанцияга кайрылган.

Дарыгерлер Жунусовго баш мээсинен инсульт жана инфаркт диагнозун коюшкан.

Жунусов ” Бажы кызматын жетектеп турган кезде аталган мекеменин башка кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган”, “казынага чоң өлчөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, былтыр декабрда Бакудан алынып келинген. Кыргызстанга келген соң анын ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөнү кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь