Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, айрым социалдык тармактардагы Бишкек шаарына УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынан куралчан атайын кызматкерлери келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдирет.
УКМКнын басма сөз кызматы бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөрү катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок деди.
“УКМК мындай маалыматты “фейк” жана өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын чыңалышына алып келүү максатында жүрүп жаткан аракеттер деп эсептейт. Буга байланыштуу УКМК тарабынан бул маалыматтарды жайылтууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат“, – деп айтылат маалыматта.
УКМКдан билдиришкендей, жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жарандар КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
Bizrate Levitra Bataquam can you buy cialis online Vitiggerty Acheter Du Cialis En Allemagne