Бүгүн, 26-июнда КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов журналисттердин ” Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Аида Салянова саясий куугунтуктабы?” деген суроосуна жок да, ооба да деп жооп бербей, “алар саясатчы” деп тим болду.
Ал эми “Апрель” телеканалы өткөрүп жаткан «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонду Атамбаев баштаган жок дейт.