Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финполиция) бөлүм башчысы 70 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-июнда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте Бишкекте 70 миң сом пара алып жаткан жеринен финансы полициясынын майору “А.Ж.” кармашкан. Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы ишкерден 5 миң доллар пара талап кылган. Ал ишкерди «кылмыш жообуна тартам» деп коркуткан.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.