3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу маалында чарчап калды

Ысык-Көл облусундагы сүннөткө отургузуу маалында чарчап калган үч жашар баланын өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя 9-июнда райондук ооруканада болгон. Балага наркоз бергенден кийин эсине келбей, көз жумган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги дагы тастыктады.

Бул окуя боюнча милиция 25-июнда гана маалымат каражаттары аркылуу билген. Учурда райондук ички иштер бөлүмү окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

Кошумчалай кетсек, көз жумган баланы ооруканага чоң атасы алып келген. Ал мурда ошол жерде башкы дарыгер болуп иштеп кеткени айтылууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь