Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы өз ишин улантууда. Ушу тапта алар телевизордон Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирден көрүп жатышат.
Азыркы учурда парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароодо.
Кой-Таштагы тигилген төрт боз үй бүгүн да турат. Айрым кабарчылар жеринен билдиргендей, короодо он чакты керебет турат, аларга түндө күзөтчүлөр уктаганын ошол жердегилер айтышкан.
Атамбаевдин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, «элдик штаб» жана пресс-борбор түзгөнүн айтышууда.