Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокуратура чыгарып берген тыянактын негизинде экс -президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратты. Добуш берүүдө депутаттардын 103 депутат макул болсо, 6 депутат каршы добуш беришти. 

“КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу” мыйзамга ылайык, буга чейин мамлекеттин башында турган адамга ар кандай кепилдиктер жана артыкчылыктар каралган.

Кол тийбестик

Экс-президент макамы бар кезде мамлекеттин мурдагы башчысын кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуу эч мүмкүн эмес эле.

Ошондой эле анын иштеген жана жашаган жерин тинтүүгө, ага тиешелүү автоунаа, архивдик материалдарга, документтерге жана кат алышууларга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок болчу.

Азыр мурдагы президент мындай укуктан ажырады.

Кайтаруу

Экс-президентти Кыргызстандын аймагында өмүр бою мамлекеттик күзөт кызматы карап, кайтармак.

Медициналык тейлөө жана пенсия

Экс-президент, жубайы жана анын камкордугундагы бойго жете элек балдары медициналык кызматтарды бекер пайдалана алмак.

Ошондой эле, пенсияга чейин акчалай колдоо, кийин пенсия чегерилмек. Анын көлөмү учурда иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызын түзөт.

Президентин маянасы өскөн учурда экс-президенттин пенсиясынын дагы суммасы жогоруламак.

Дача

Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин мамлекеттик дачалардын бирин акысыз пайдалана алмак. Ошондой эле Кыргызстандагы аба майдандарынын, темир жол бекеттердин VIP-залын акысыз колдонмок.

Байланыш

Экс-президент Кыргызстандын ичинде өкмөттүн колундагы бардык байланыш каражаттарынын (мобилдик жана кадимки телефон байланыш) түрлөрүн акысыз жана каалаган учурунда пайдалана алмак.

Булардан сырткары,  президенттин ар-намысы жана кол тийбестиги мыйзам тарабынан корголмок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: