Германия канцлери Ангела Меркель кайрадан калтырап, көпчүлүктү чочутту. Ал өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуу учурунда өзүн начар сезди.
Жанындагы жардамчылары стаканга суу бергенде, сыр бербегенге аракет кылган Меркель баш тартып койду. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай канцлерди 1,5 мүнөттөй калтырак баскан. Иш-чарадан соң журналисттер Меркелди көргөнүн жана ал өзүн жакшы эле сезип жүргөнүн жазышты.
Эске салсак, Ангела Меркель буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон жолугушууда да калчылдап, аз жерден кулап кала жаздаган.