Арыстын тургундары эми Чымкенттин борборуна келишти

222

Казакстандын Арыс шаарындагы жол бөгөп жаткан тургундар эми Чымкенттин борбордук аянтына келишти. Бул маалыматты жергиликтүү тургундар басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чыккандардын колунда «Арыска башпаанек» аттуу бир нече плакаттар бар. Алар бийликтен жергиликтүүлөргө башка жайдан жер, турак жай берүүсүн талап кылышууда. Ошондой эле, арасында мамлекет тарабынан берилип жаткан жардамдарга нааразы болгондор да жок эмес.

Казакстандын полициясы митингчилердин кыймылына тоскоол болбостон, «Ак мечиттен» Чымкенттин борборуна чейин коштоп гана келишти. Борбордо өтүп жаткан митингге да  кийлигишпей, четтен байкоо салып турушту.

Кошумчалай кетсек, Арыс шаарында 45 миңден ашуун тургун бар, алар аскердик бөлүктөгү жарылуудан кийин аталган аймактан көчүрүлгөн болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь