Атамбаев канча жылга камалышы мүмкүн? Ишин ким тергейт? Башкы прокурордун жообу

264

Атамбаев “Коррупция” беренеси боюнча 5 оор кылмышка айыптоого негиз бар. Бул берене боюнча күнөөлүүлөр 10 жылдан 12,5 жылга чейин же 12,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мындан тышкары, Атамбаевге чечим чыгып, иш козголуп калса тергөөнү ким улантарына Мирлан Бакиров кызыкты. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтуусунда, Жазык процесстик кодексине ылайык, качан гана прокурор тарабынан кызмат адамына шектенүү берилгенден баштап, кылмыш иши козголду деп эсептелинет.

“Бүгүнкү күндө экс-президенттин статусу алына турган болсо анын үстүнөн эч кандай кылмыш иши козголгон жок. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Ошонун жыйынтыгы менен далилдерди топтоп, прокурор тарабынан билдирүүлөр берилгенден кийин тийиштүү адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду деп эсептелинет”, – деди Жамшитов.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь