Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевди кол-тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом кабыл алды.
Бардыгы болуп 110 депутат катышып, ичинен 109у добуш берди. Макул-103, каршы-6 болду.
Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президентАлмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралып, анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов корутундусун окуду.
Буга чейин Башкы прокуратура Атамбаевдин 5 оор кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экенин аныктаган.
- Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
- Кой-Таш айылына салынган турак-жайынын жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу;
- Акча адалдаган “Ака Петролеум” жана “АКА Инвест” компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
- Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
- ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.
Бул 5 эпизоддун “Коррупция” беренеси боюнча кылмыштын белгилери аныкталган. Бул берене боюнча күнөөлүү жаран 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.