Башкы прокурор: Батукаевди бошотуу иштери жеке Атамбаев менен макулдашылган

139

Жогорку Кеңештин 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси каралып жатат. Депутаттардын алдында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаевке коюлган кинелердин бири Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунда Атамбаевдин тиешеси бар деди.

Анын айтымында, УКМКнын мурунку башчысынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, Атамбаев түздөн-түз кийлигишкен. “Анын аракеттеринде 319-берененин 2-бөлүгүндөгү (“Коррупция”) көрсөтүлгөн белгилер байкалат. Сөзүм кур болбош үчүн колумда Азиз Батукаевдин берген көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү турат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аны ачыктоого болбойт”, – деди Жамшитов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь