Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу маселеси боюнча иликтөө корутундусун окуп жатып туура эмес билдирүү жасап алды.
«Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши уюштурулгандыгын айтып, ага Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экендигин билдирди.
Башкы прокурор Атамбаев Батукаевди бошотуу боюнча Атахановго буйрук бергени тууралуу окуп берип, сөзүм куру болбос үчүн Батукаевдин көрсөтмөсү колумда турат деген.
Кийин прокурор адашып калгандыгын айтып, Батукаев эмес Атахановдун көрсөтмөсүн айтканын түшүндүрдү.