Баткен бажысынын кызматкерлери Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагына мыйзамсыз ташылып келинген эл керектөөчү товарларды колго түшүрдү.
Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Мындай көрүнүш ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында ачыкталды.
Баткен бажычылары Кыргызстандын жараны С.Т.нын башкаруусундагы “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 885 кг. эл керектөөчү товарларды табышкан.
Анда аялдардын бут кийимдери, балдардын футболкалары, төшөнчө, төшөктөр, жүз арчылар, аялдардын кийимдери болгон. Кармалган товардын жалпы наркы 764 310 сомду түзөт. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Бул факт КЖКнын 223-беренесинин 1-бөлүгү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып материал Баткен областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: