Жүрөгү 6 күн сокпой калган кыз аман калды

264

Кытайдын Шанхай шаарында 6 күн бою жүрөгү сокпой жаткан кызды дарыгерлер аман алып калышты. Кыз 10 жашта болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 10 жаштагы кыз май айынын соңунда кускусу келип жатканын, дем алуусу начарлап, көкүрөк тушу ооруп, дене табы көтөрүлүп жатканын айтып, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер кызга медициналык текшерүү жасап, кыз кардиттин (жүрөк илдетинин бир түрү) курч түрү менен жабыркап жатканын аныкташкан.

Тез аранын ичинде бейтап терапия бөлүмүнө жаткырылып, анын каны кислород менен толтурулган. Бирок кыздын жүрөгү сокпой калган. Дарыгерлердин аракети жыйынтык бербей, бейтаптын абалы начарлап кеткен. Мындан улам анын өмүрүн сактап калуу үчүн тажрыйбалуу адистер келип, бейтаптын жүрөгүн алмаштыруу зарылчылыгы бар экенин, донор керек экенин айтышкан. Канды кислород менен толтуруу аппаратында 6 күн жаткан бейтапка донор табылган. Донор болгон бала Тяньцзинь шаарынын тургуну болгон.

Жүрөктү транспортациялоо 2 саатка созулуп, операция ийгиликтүү аяктаган. Дарыгерлер кыздын абалы канааттандырарлык болуп калганын билдиришкен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь