Кербенде депутат мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн карамагында турган үлүш жерге Кербен шаардык кеңешинин депутатынын бири  мыйзамсыз курулуш куруп алган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундун бири  интернет колдонуучу Бекмамат Абдумалик Уулу өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

“Тагыраак айтканда бул жерге пескоблок чыгаруучу жай куруп иштетип жатат.  Ал эми мыйзамда үлүш жерди айыл чарба багытында гана пайдаланууга мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн.  Кербен шаардык кеңешинин депутаты баардык документтери бар экенин айтып актанганы менен, кагаздарды көрсөтө алган жок. Курулушта өзүн тааныштыргысы келбеген жигит 1 жылдан кийин документ толук бүтөрүн айтты. Демек мыйзамсыз курулуп аны мыйзамдаштыруу аракети болуп жатат,”-деп билдирген тургун.  “Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жетекчиси курулуш мыйзамсыз экенин, бир нече жолу эскертүү берилгенин айтты. Аксы райондук прокуратурасы, экотехинспекция, жана башка кызматтар кайда карап олтурат? Мыйзамдуу өлкө курушубуз керек. Мыйзам баарына бирдей,”-деп кошумчалады.

Мыйзамсыз иши көп Аксы.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн карамагындагы үлүш жерге Кербен шаардык кеңешинин депутаты мыйзамсыз курулуш куруп алган. Тагыраак айтканда пескоблок чыгаруучу жай курулган. Мыйзамда үлүш жерди айыл чарба багытында гана пайдаланууга мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн.Кербен шаардык кеңешинин депутаты баардык документтери бар экенин айтып актанганы менен, кагаздарды көрсөтө алган жок. Курулушта өзүн тааныштыргысы келбеген жигит 1 жылдан кийин документ толук бүтөрүн айтты. Демек мыйзамсыз курулуп аны мыйзамдаштыруу аракети болуп жатат.Жерге-Тал аиыл өкмөтүнүн жетекчиси курулуш мыизамсыз экенин, бирнече жолу эскертүү берилгенин аитууда.Аксы райондук прокуратурасы, экотехинспекция, жана башка кызматтар кайда карап олтурат? Мыйзамдуу өлкө курушубуз керек. Мыйзам баарына бирдей.

Опубликовано Бекмамат Абдумалик Уулу Пятница, 14 июня 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь