«КТ Мобайлга» байланыштуу Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралат

142

“КТ Мобайл” компаниясын иликтөө жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрүнөн маалыматтар алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы Курманкул Зулушев депутаттык комиссиянын корутундусу угулуп жатканда билдирди.

«КТ Мобайл» компаниясы бюджетке киреше алып келбегени, эсеп-кысап иштеринин тартиби сакталбаганы, компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерине негизгиз эле өтө чоӊ өлчөмдөгү эмгек акылар чектелип, аларга маяналар менен сыйакылар ырааттуу төлөнүп келген. Андан тышкары, «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени белгилүү болду. Ошондон улам, компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу баш болгон бир топ кызматкерлер кызматынан өз каалоолору боюнча бошонуп кеткени белгилүү болду.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишмердиги боюнча «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени үчүн премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги белгиленсин деп токтом кылынды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь