Кыргызстандын 20 тоннадай сүт азыктарын Орусия киргизбей койду

143

Орусия Кыргызстандан ташылып барган сүт азыктарын өлкө аймагына киргизүүдөн баш тартты.

«Россельхознадзор» мекемесинин Алтай аймагы боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, 20 тоннадан ашуун сыр орус-казак чек арасынан өткөрүлгөн эмес.

Товардын ээси Ысык-Көл облусунун Жылуу-Булак айылынын тургуну экени аныкталган.

Сыр Барнаул шаарына ташылып бараткан, бирок ветеринардык-санитардык коопсуздугун тастыктаган тиешелүү документтери жок экени белгилүү болду.

Кыргызстан – Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Уюмдун талаптарына жооп бериш үчүн бир катар шарттар коюлган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь