Орусияда иштеп жүргөн кыргыз кыз дайынсыз болууда

220

31 жаштагы Назгүл Токтоналиева изделүүдө. Анын сүрөтүн бир тууган эжеси социалдык тармакка жүктөп, жарыялап, жердештерине кайрылып жазган.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну Назгүл Токтоналиева жалгыз уулун бир тууган эжесине таштап, Орусиянын Москва  шаарына иштегени кеткен.

“Акыркы жолу байланышканда, ал апасынын ооруп жатканын угуп, 31-майда жолго чыкмак. Ошол бойдон дайынсыз», -деп жазылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь