Сууга агып кеткен жубайлардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды

113

20-июнь күнү Түштүк Фергана каналына күйөөсү менен аялы агып кеткен. Анда кокустан түшүп кеткен келинчегин куткарам деп артынан түшкөн күйөөсү кошо чөккөн болчу.

ӨКМдин куткаруучулары эки күндөн кийин 22 жаштагы келиндин сөөгүн Өзбекстандын аймагынан табышкан. Ал эми жолдошунун сөөгү кечээ 26-июнь күнү Фергана облусуна караштуу Кувасай районунун Гүлистан айылынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылды. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь