“Ташкент—Тамчы” алгачкы авиакаттамы аркылуу туристтер келди

231
Бүгүн Ысык-Көлгө Өзбекстандан «Ташкент—Тамчы» багытындагы биринчи авиакаттамынын учагы менен туристтер келди. Бул тууралуу Туризм департаменти кабарлады.
Өзбекстандан келген 140 туристти Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Сардор Сайдирасулов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.
Жайкы сезон учурунда эл аралык каттам менен 3 миң турист келери айтылууда.
Эки күн мурун коңшу өлкөдөн 40 журналист келген болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь