Улуттук гвардиянын №10128 аскер бөлүгүнүн улук сержанты Кайратбек Рапиев Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин ультрамарафонго чыкты. Кечээ 26-июнда саат 19:00дө чуркап чыгып, үч сутка уктабай Балыкчыдан Чолпон-Атага айланма жол менен келмей болду.

Рапиевди Балыкчы шаарынан калаа мэри Марат Кудайбергенов, Жоокерлер энелеринин комитетинин төрагасынын орун басары Нурбүбү Сартова, Балыкчы шаардык №20636 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери узатышты.

Рапиев мындай аракетин Улуттук гвардиянын түзүлүшүнүн 27 жылдыгына арнайт. Жөө күлүктү Улуттук гвардиянын медициналык кызматкерлери, тасмага тартчу топ коштоп жүрөт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: