Орусиянын Нижегородск шаарында орус тили сабагынан билим берген 26 жаштагы Марина аттуу кыз үлпөт тойдун чечүүчү маалында күйөөгө тийбей тургандыгын жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуянын күбөлөрү билдиргендей, үлпөт той жакшы эле өтүп жаткан. Убактысы келгенде болочоктогу күйөө Маринага “мен сенин колуңа шакекти кийгизип коёюн” деп айткан. Бул сөздөрдү уккан мугалим үлпөт тою өтүп жаткан жерден кетип калган.
“Мен 5 жылдан бери орус тилин жетишерлик деңгээлде билбеген адам менен сүйлөшүп жүрүптүрмүн. Ал мага колуна шакекти кийгизейин деди. Бирөөгө бир нерсе кийгизсе болот, ал эми шакекти тагат. Мен мындай сабатсыз адамга турмушка чыга албайм. Ал мен үчүн көп жакшылыктарды жасады, бирок мен филологдун антын бергем. Анын катасын кечире албайм. Бүгүн ал туура эмес сүйлөсө, келечекте балдарыбыз туура эмес сүйлөйт”, – деп билдирген Марина.
“Мен мындай келесоону жолуктура элек болчумун. Алгач мени пайдаланып, эми колуна шакекти кийгиси келбей жатат. Анткени бул орус тилинин эрежелерине жатпайт имиш. Мен шаардагы сыйлуу адамдардын биримин. Эми шакекти колуна кийгизеби, тагабы айырмасы жок, болгону колукту издөөгө мажбурмун”, – деп жооп кайтарган 33 жаштагы Максим.
Ал эми никени каттап жаткан адам анын иш тажрыйбасында мындай окуя алгачкы жолу болуп жатканын айтып, таң калып жатканын жашырган эмес.