Атамбаевдин үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматкерлери чыгып кетти

240

Бүгүн, 28-июндун таңында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери кеткени кабарланууда.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев “Аларды чыгарып жатабыз деп маалымат беришкен жок. Эч кандай эскертүүсүз алып кетишиптир. Телефон же рация менен чакырып эле алып кетишкен. Бул туура эмес”- дейт.

Маалыматка караганда, кеткен күзөтчүлөр Атамбаевдин өзүн эмес, үйүнүн айланасындагы объектилерди кайтарып жаткан.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Атамбаевдин резиденциясын түндө 60ка чукул киши кайтарган, алардын арасында атчандар да бар.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь