Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Бишкектеги аянтта үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн сүрөтү социалдык тармактарга чыкты. Атамбаевдин кызынын сүрөтүн интернет колдонуучу Айгүл Эркебаева фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.
“Атасынын күнөөсү үчүн баласы жооп бербейт. Жөнөкөй аял катары Шагиеваны баалаймын. Аянтта жөн гана бактылуу жашоо менен жүрөт,”-деп билдирген окурман.
Эске салсак, Атамбаев бир канча оор кылмыштарга шектелип, экс-президент макамынан ажыраган.
