Аткаминердин баласы аянтчада ойноп жүргөн 9 жана 10 жаштагы эки баланы сабап салган. Бул тууралуу балдардын апасы Гүлзат Жумакова билдирген.
Анын айтымында окуя 22-июнь күнү Жал кичирайонунда болгон. Эки баласы балдар аянтчасында ойноп жатып бири кошунанын баласы менен уруша кеткен. Бул учурда коңшу баланын 24 жаштагы агасы келип бир нече жолу балдарды уруп жиберген. Учурда муштум жеген жаш балдар №3 балдар ооруканасында жаткандыгын апасы баяндайт.
Жумакова өз сөзүндө белгилегендей, балдарынын биринин кулагы укпай калган. Мындан тышкары баш мээси чайкалган.
Адегенде кошунасы менен тынчтык жолу аркылуу сүйлөшүүнү сунуштаган. Бирок ал үй-бүлөнүн атасы сүйлөшүүдөн баш тартып, билгениңерди кылып алгыла дегендей кылып койгондугун айтат.
Мындан улам балдардын апасы милицияга арыз жазгандыгын билдирип, бирок тергөөчүлөрдүн иштерине нааразы болууда. Жумаков билдиргендей, уруп койгон баланын атасы Чүй областынын мамкаттоо бөлүмүндө иштегендиктен, байланышы күчтүү деп милициялар коркууда деген ойду карманат.