Батыш жана Борбордук Европада күн катуу ысып баштады. Шаршембиде Франция, Испания жана Португалияда температуралык рекорддор жаңыланды. Европанын көп аймактарында адаттагы июнда катталаган орточо температурадан Цельсия боюнча 10-15 градус жогору ысык катталууда.
Адистер аба ырайындагы мындай аномалдуу көрүнүштү – шамалдын багыты Сахарадан Европаны көздөй келип жатканы менен түшүндүрүүдө.
Синоптиктер Европадагы 2003-жылдан берки эң ысык аба ырайы быйылкы жайда катталат деп эскертти. 2003-жылдын июль жана август айларында катталган катуу ысыктан он миңдеген кишилер каза тапкан.
Эң катуу ысык Франция менен Испаниянын айрым чөлкөмдөрүндө катталат. Шаршембиден жумга күнгө чейин термометрдин көрсөткүчү +40°C төмөн түшпөйт.
Жума күнү Мадридде +40°C, Парижде +39°C ысык болот. Мектептердеги экзамендер жылдырылып, кондиционер жетишпеген мекемелер убактылуу жабылды.
Француз метеорологу Гийома Возницы божомолдордон улам жакынкы күндөрү температуранын абсолюттук рекорду катталат деген эч күмөн жок деп айтты. Эң ысык мезгил 2003-жылы 12-августта катталып, көлөкөдөгү температура +44°C түзгөн.
Washington Post басылмасы июндагы жаңы рекорддор Австрия, Германия жана Швейцарияда катталарын жазды. Жакынкы күндөрү бул чөлкөмдөрдө +38°C ысык болот.
Климатологдор муну глобалдык жылуулуктун кесепети катары көрсөтүүдө. Газ, көмүр жана мунайды көп иштетүү атмосферадагы парник газдарынын топтолушуна алып келди.
Би-Би-Си