“ Биз бүгүн башка мамлеккеттерге уят болуп жатабыз. Мурдагы өлкө башчы үйүндө таш чогултуп коргонуп жатат деп коңшу Өзбекстан, Россия, Казакстандын массалык маалымат каражаттары аны жазып жатат. Мындай кырдаалды убагында ойлонуш керек болчу. Азыр айрымдар түндүк –түштүк маселесин козгоого аракет кылып жатат, бирок эл Атамбаевди ээрчип кетпейт ” – мындай пикирин жеке ишкер Курманбек Калыбаев бүгүнкү ”Ынтымак” тегерек столунда билдирди.