Кыргызстандыктар окуучулар АКШда 12 медаль утушту

152

АКШда өткөн эл аралык Genius олимпиадасында Кыргызстандан барган окуучулар 12 медаль утуп, 13 кызыктыруучу сыйлыкка татыды. Бул тууралуу “Сапат” билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, олимпиадага 78 өлкөдөн 1400 окуучу келип, беш категория боюнча күч сынашкан. Кыргызстандык окуучулар жалпысынан эки алтын, беш күмүш, беш коло байгеге ээ болушту.

Genius олимпиадасы дүйнөдөгү 12ден 18 жашка чейинки окуучулар арасында өтөт. Анын катышуучулары учурдун глобалдуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун көрсөткөн долбоорлорду сунушташат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь