Сотто жабырлануучуга кол көтөргөн жетекчи (видео)

449

Бүгүн, 28-июнда Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык тез жардам башкармалыгынын айдоочулары менен жетекчисинин алдында алгачкы соттук отурум болду. Жабырлануучу мекеменин айрым айдоочулары мыйзамсыз иштен бошотулгандыгын айтып сотко кайрылган.

Соттук отурумда аталган ишкананын юристи келбей калгандыктан сот 5-июлга жылдырылды. Бирок соттук иш башталардын алдында тез жардам башкармалыгынын автобазасынын башчысы Темирбек Керимбеков менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, айдоочуга кол көтөрүп жиберди.

Жетекчи бул айдоочуларды мыйзам чегинде гана бошотконун билдирип, ачуусу келгендиктен чыдабай айдоочуга кол көтөрүп жибергенин айтты.

Эскерте кетсек, соттук отурумдун жүрүшүндө видеосъёмка кылууга тыюу салынып, аудио жаздырууга гана уруксат берилди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь