Таштандыга толгон Шекафтар шаары

391

Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүндөгү Шекафтар шаарчасында таштандылар жол жээкте жатат. Бул тууралуу интернет колдонуучу Кылыч Шанаев нааразы болуп, өзүнун фейсбук баракчасына жүктөдү.

“Сумсар айыл өкмөтүнө бардык!
Мына урматтуу туугандар Чаткал Ала-Бука райондорунун жол жээги. Сумсар айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар шаарчасы. Бирок “шаарча” деп ,атаганга ооз барбайт.
“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” Сумсар айыл өкмөтүндөгү бул көрүнүштү кандай атасак болот? Кайдыгерлик, шалаакылык, өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу, президенттин буйругуна каршы чыгуу кыскасы ким кандай түшүнөт. Ал эми эл тарабынан шайланган айылдык кеңештин депутаттары “жок” дегенде маселени “көтөрүп койсо ” күнөө иш болбойт беле деген ой кетет. Канткен күндө дагы бул Сумсар айыл өкмөтүнүн башчылары,айылдык кеңештин депутаттарынын бүгүнкү жүзү. Ким эмне десе дей берсин бул чындык.

Урматтуу Сумсар айылынын депутаттары ,айыл өкмөтү мусоруңар көчөдө чачылып жатат. Арасында сассып бүт бардыгы жатат. Карга ,кузгун канаттуу,жолбун иттер жүрөт. Анан эртең ар түрдүү оорулардын түрлөрү пайда болсо таң калбагыла. Өзүңөр кайдыгер карап олтурасыңар. Абанын булганышы,экологияга тийип жаткан таасири өтө чоң . Дагы “Кыргызстан туризмдин өлкөсү” деп койобуз. Как чокубузга туризмдин өлкөсү болобузбу сассып баклашкалардын ичинде бок сийдиктен бери жатса.
Экотехинспексия деген барбы Чаткал районунда?  Болгондо дагы жолдун жээгинде жаткан бул бардак мусорду көрүп туруп көрмөксөнгө салган жетекчилерге чара колдонуу керек.  Жолдун жээгин мусор төгүү үчүн пайдаланууга берүү өзү кылмыш эмеспи? Трансформация болгонбу деген суроо туулат? Кыскасы кимден жооп алабыз?”-деп жазды Шанаев.

Опубликовано Кылыч Шанаев Пятница, 7 июня 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь