Терезеден кулаган баланы колу менен тосуп калды (видео)

228

Стамбулда жигит терезеден кулаган кичинекей кызды тосуп алып, өмүрүн сактап калды.

Бул окуя Стамбулдун Фатих районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Баланын кантип сактап учурдагы видео тартылып калган.

Жергиликтүү телеканалдар билдиргендей,  17 жаштагы жигит терезенин кырына отуруп алып ойноп жаткан бөбөктү жерде кетип баратып байкап калган. Кооптуулукту көргөндөн кийин кете албай, ошол жерде буйдалып турган. Кыйкырып наристенин энесин чакырууга аракет кылганы менен ары жакта ашканада тамак жасап жүргөн аял эч нерсе уккан эмес.

Кичинекей бала терезеден төмөн көздөй кулаганда улан эки колдоп тосуп алганга жетишкен. Аны менен кошо учкан төшөктөрү жерге түшкөн. Ал эми наристенин мурду эле канап кеткен. Башка жаракат алган жок.

Окуянын чоо-жайын билгенден кийин наристенин атасы баланы улам-улам алкап, ыраазылыгын билдирип, акча карматкан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь