Абдышүкүр Нарматов Атамбаевдин үйүнө баргандыгы боюнча билдирүү жасады

329

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматов Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барганы боюнча билдирүү жасады. Аалымдын билдирүүсүн Эрназар Таштанбаев фейсбук баракчасына жарыялады.

« Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Учурда болор-болбос ишти көбүртүп-жабыртып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдалангандар өтө көбөйдү. Айтайын дегеним, бүгүн мен Алмаз Шаршеновичтин үйүнө барып, бир канча күн мурда окулуп баштаган Куранды хатм кылып, өткөндөргө дуба кылып кеткенимди саясатташтырып жарыя кылып чыккандар жөнүндө болмокчу. Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган. Менин да эңсегеним жана тилегеним элимдин ыйманы жана тынчтыгы. Мен ар бир сөзүмдү ушул максатта айтам, ар бир ишимди ушул максатта кылам. Тилекке каршы, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издегендер муну ар кандай максатта бурмалашууда. Элиме айтарым, мен мурда да, азыр да саясий максат көздөгөн эмесмин, көздөбөймүн дагы. Менин максатым, элим бейпилдикте, биримдикте, тынч жашоо кечирип, ыймандуу өмүр сүрсө деген гана тилек.

Абдишүкүр Нарматов.» 

Эске салсак, аалымдын Атамбаевдин үйүнө барып ал жактагылардан кабар алгандыгы коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь