Акча берилип жатканын угуп эле жаттым… Атамбаевдин үйүнө баргандар агынан жарылды

287

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө баш баккан Наргиза Токонова ал жактагы көрүнүштөрдү өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты. Билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

« Жашоо бумеранг же Кой-Таштагы кылыктар.

Ооба, биз ал күнү кокусунан барып калдык.

Кирип бара жатсак эле, “кимден келдиңер?, ким менен келдиңер?”, – деген суроолорду берип жатышты, биз менен барган мырза мага караштуу деген бир сөзү менен ооздору жабылып, кечиресиздер сумкаларыңыздарды текшерип коелу деп, өз иштерин улантышты…

Кирип барганда эле баягы атагы чыккан Шаршенич айткан обондор тосуп алды (тааныш эжелер ). Ал жерде тургандар менен учурашып туруп калсак эле, чай ичкиле деп, ашкана ( очок) жагына алып өттү.

Ал жердеги эжелер: кимдир бирөөдөн үй алганын, а кимдир бирөөлөрдөн үй ала албай калгандарын митингдерге чыккандарын айтып отурушту. Столдон алысыраак отурган Ысык-Атадан келдим деген кара тору, чоң эже: мен пенсиядамын, үйдө деле отурам, бул жерде деле отурам айырмасы жок деп, күлүп койду…
Акча берилип жатканын угуп эле жаттым бирок,көрбөдүм… Анан да ал жердеги эт, тамак талашты айтпай эле коеюн. Ортодогу боз үй маалымат борбору экен, анын астында жер төлөөсүндө тамак – аш, продуктаны жыйып коюптур.

Шаршеничтин ал жердеги ишенген жөөкөрлөрү: Ф. Ниязов, М. Искенбаев, Карамушкина, А. Турдукулов, Искен мырза, Кундуз айым жана СДПКнын Чүй облусунун координатору деп бир мырза жүрдү. Калгандары бизге окшогон эле көңүл коштор… Бардыгы болбосо да, көпчүлүгү өз кызыкчылыктары менен жүргөнү сокур адамга да көрүнүп турат. Шаршеныч ким эле?, ким болду???

” Кыңыр иш кырк күндө билинет же тебетей тегеренгенче келет”- деген жакшы сөздөр бар эмесби.
Кечээ эле эч кимди теңине албай, Кыргызстанды каалагандай калчап, оң- тетири камап, айып пулдарды салып, канчалаган жараандардын өлүмүнө, убалына калды эле.
Ошол кандар тынч уктатпай турганын, айланып бир күнү келээрин сезди бекен???

Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, анан кашкулактай бекинип жатканы эмнеси…???

Жоопко тартылышы керек!!! »

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь