3 күндөн бери изделип жаткан 26 жаштагы жигиттин сөөгү бүгүн 1-июлда Аламүдүн суусунан 2 чакырым алыстыктан табылды.
29-июнь күнү чөгүп кеткен 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан алынып чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кой-Таш айылындагы сууга чөгүп кеткен жигитти издөөгө жалпы 53 куткаруучу тартылган болчу.