Кечээ 30-июнь күнү 1993-жылкы Б.С. Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.
Кеч киргенине байланыштуу кечээ издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан издөө иштери улантылып, жалпысынан 29 куткаруучу тартылды.