Бир аз убакытка ойлончу мекендешим.

Бир топ күндөн бери ММКларда анын ичинде социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев темасы катуу жанданды. Буга анын экс макамынан ажыратылышы жана башкы прокуратуранын беш айып боюнча кылмыш ишинин курамы бар деген аныктамасы себеп болду көрүнөт. Мындайда Атамбаев тарап дагы азыркы бийлик тарап дагы маалыматтык чабуулардарды жасап, эл аны мунусун аңдабай “коркунучтуу” бир окуяга кептелчүдөй элес калтырууда. Мындан улам КРнын жараны катары өзүмдүн чындык деп санаган пикиримди жазып коюну туура көрдүм.

Азыр дүйнөдө анын ичинде КРда маалымат чоң курал. Бул социалдык тармактардын жашообузга кириши менен ого бетер курчуду жана элдин оюна таасир бере турган чоң күчкө айланды. Ошондуктан Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө баштаган “акциясында” дароо пресс борбор б.а журналисттер үчүн маалымат берүүчү аянтча даярдаганынан байкасаңар болот. Бир кезде ушул эле Атамбаевдин хан сарайы туурасында уу дуу кептер болуп, анын жеринин коррупциялашкан схемасы туурасында айтылып жатканда эмнеге Алмазбек мырза азыркыдай үй жайын көрсөткөн эмес деген суроо туулат. Анда четтен келген кишини кой, ошол эле Арашандыктарды жакын жолотпогону айдан ачык да. Атамбаевдин хан сарайына анда эл эмес, азыркы жабалактап жүргөн журналисттердин бирөөсү дагы кире алган жок жана бул мүмкүн эмес болчу. Демек Атамбаев башына түшкөн соң, ичи тызылдап күйүп жатса да ошол ыйык хан сарайын ар кимге тебелетип тепсетүүгө мажбур болууда.

Азыр түрмөдө жаткан Албек Ибраимовдон сатып алдым, ага чейин ал жер Максимге тийиштүү болуптур деп айтканын биз журналисттер унуттук, эл да унуттту. Башкача айтканда заңгыраган хан сарай кайдан келип чыкканынан да, бизге Атамбаевдин кимге эмнеге каршы экени азыр актуалдуу болуп, ошол суроолорго жооп алып жатабыз. Бул жагынан алганда Атамбаев утту. Анткени ал ак көйнөгүн галстуксуз кийип алып, бир маал эл аралаган элден кабар алган киши болууда. Ал эми бакыйган эле маалымат каражаттары Атамбаев хан сарайында эмне болуп жатат? Атамбаев Кой Ташта эмне деди? Атамбаев азыр кайда?-деген темадагы жаңылыктарды кайра кайра жазып элдин көңүл борборун бир кезде “недоступный” болгон хан сарайга буруп койду.
Эми Атамбаев эмне себептен каршылык көрсөтүү оордун баягы “Форумдан” Кой-Таштагы үйүнө өзгөрттү деген суроо жаралышы мүмкүн. Айрымдар буга коопсуздук маселесин эске алып, Кой Таштагы заңкыйып тосулган үйүнүн ичин тандады деши мүмкүн. Ооба чындыгында Атамбаев үчүн коопсуздук жагынан дагы ыңгайлуу деңизчи, бирок бул жерде баардык журналисттерге ачык болгондуктан таш түшүргөнү, бука сойгону, тамак таратып жатканы, керебеттерди эшикке санаторий сыяктуу тизип койгону коомчулукта кандайдыр бир жийиркенүү же нааразы пикирди пайда кылаарын эске алганда Форумдун алдына боз үй тигип ачкачылык жарыялоо сыяктуу эски ыкмаларды деле колдонсо болмок. Жок Атамбаев анткени жок. Биринчиден Фарид Ниязов баштаган анын идеологдору маалыматтык согушта бул эң алгач элдин сезимине таасир бере турган ыкма деп тандашты. Анткени үйүнө чейин кирип барыптыр, эшигин ачпаса дубалды ашып түшүптүр деген сөз адамзаттын түпкү сезимдериндеги коргонуу кооптонууну ойгото турган фактор. Анткени бир жагынан алганда бүгүн мунун үйүнө уруксаатсыз кирип барышса, эртең меникине келет деген “чувство” ойгонсо, экинчи жагынан бирөөнүн үйүнө уруксаатсыз кирүү “ууру же баскынчылык” катары сезимибизде баарыбызда калыптанган.

Экинчиден эгер Атамбаев форумдун алдына мындан көп адамды жыйнаганда дагы эки революцияны баштан өткөргөн элибизге “эски форум” сүйлөй бербейби деген пикирди калтырмак. Ошондуктан ал жерде күндө акция кыла берүү дагы Атамбаевдин пайдасына туура келмек эмес.

Үчүнчүдөн Кой-Таш бул Чүй облусунун айылы. Ошондуктан түндүк региондорунда анын ичинде Сары өзөндө жанагы ММКларга чыгып жаткан “Кой Ташта азыр эмне болуп жатат?”-деген өңдүү макалалар жакшы “өтөт”. Бул өз кезегинде кандайдыр бир регионалдык бөлүнүп жарылууларды жаратууга жасалган кадамдардын бир компонентти болуп бере алат. Бул жагынан алганда дагы Атамбаев мырза акылдуулук кылыптыр дебегенге айла жок.
Эми Атамбаевдин хан сарайында болуп жаткан кептер, тагыраагы Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүнө жакшылап маани берели. Алгачкы күнү эле Алмазбек Атамбаев эл мени коргойм деп жатат, бирок коргобой эле койгула менин куралым бар деп айтты. Ал эми чындыгында ал жакка тээ Нарында чөп чаап жүргөн дыйкан же базарда соода кылып тирилигин өткөрүп жаткан адам, Атамбаев куралы болсо дагы кой аны бийлик камап салбасын деп келбегенин баарыбыз эле билип турабыз да. Кандайдыр бир уюштуруучулар болуп жатканы айдан ачык эмесби? Бул жагынан алганда Атамбаев мени коргобой эле койгула куралым бар деп айтканы жөн гана элге жакшы көрүнүү десек туура болот. Анткени ошол жерге мин киши чогулуп эмне болуп жатканын билген менен, тээ алыскы ак-сай арпада отурган карапайым кишиге Атамбаевди чын эле эл болбой ой бойуна койбой кайтарып жатыптыр деген сөздү пайда кылышы мүмкүн да.
Андан соң Алмазбек Атамбаев мен тергөөгө барбайм, келип кармоого аракет кылса атышам деди. Бул сот укуктук реформасы ишке ашпай, милицияларга эл ишенбей турган маалдагы элди тартуунун эң жакшы ыкмалары десек болот. Анткени ошол Атамбаев өзү башкарып турган алты жылда Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду кармоо операциялары кандай ызы чуу менен болгону элдин эсинде. Бирок тилекке каршы эл ошол камоолордун башында Атамбаев турганын унутуп, унутпаса дагы эми бул катасын сезди деп жатышат. Анын үстүнө азыр Атамбаевдин эң негизги максаттарынын бири өч алуу болгондуктан, “Президентикке тойдум, мына таза жаштар келсин” деген сыяктуу сөздөрү кайран элибизди Атамбаевди колдоо аркылуу таза жаштар мамлекет башкарат турбайбы деген ойго түрттү.
Башында мен деле Атамбаев элди экиге бөлүүгө аракет кылып жатат, түндүк-түштүк маселесин козгоп жатат десе көп ишенчү эмесмин. Басса турса да Раим Матраимовду оозунан түшүрбөгөнү, ал түштүктөн болгону үчүн Жээнбековдор унчукпай жүрөт дегенге ишараат кылып жатканын анча сезбептирмин. Бирок акыркы маалда хан сарайында сүйлөгөн сөзү Атамбаев чындыгында ошол максаты бар экенин ачыктап койду. Алты жыл бизди башкарган мурдагы ажонун оозу жаңылды. “Бул биздин спец наз, же оштуку”-деди. Ошондо алты жыл бизди башкарып өлкөнүн тагдырын чечкен адам үчүн биздин дегени ким дагы оштун дегени ким? Бул сөздү катардагы карапайым киши айтса да түшүнбөй сүйлөп койду дейсиң, бирок өлкөнүн бүтүндүгүнө алты жыл жооп берип турган адамдын оозунан мындай сөздүн чыгышы менимче кечирилгис. Мындай сөздү айткан соң, ошол тегеректеп жүргөн акыл эстүү адамдар артты карап басып кетиши керек болчу. Тилекке каршы алар кимге эмнеге курал болуп жатканын билбей, Атамбаевдин бул сөзүнүн аркасында эмне деген “коркунуч” эмне деген “маани” жатканына ой жүгүртпөй жатканына таң каласың. Аягында айтаарым, урматтуу кыргыз элим саясатчылар келет кетет, бийликтеги тиреш орун талашуу илгери да болгон жана боло да берет. Бирок биз Атамбаев ак жеринин күйүп жатса дагы жанагы сөзү үчүн аны колдоодон баш тартуубуз зарыл деп эсептейм. Түндүк түштүк болуп бөлүнүп калган өлкөлөрдүн мисалы бизге сабак болуусу керек. Биздин бир эле “спец наз” болушу керек. Ал Кыргызстандыкы!
Бир аз убакытка ойлончу мекендешим.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 17