Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда алдамчылык иш-аракеттери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1970-жылы туулган К. Г. аттуу Ош облусунун жараны кармалды.
Учурда кармалган аял Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы каралып, тергөө амалдары башталды.