Боом капчыгайындагы тоо түбүндөгү граффити өчүрүлдү

124

Ысык-Көл облусундагы Боом капчыгайындагы тоо түбүндөгү граффити толугу менен сырдалды. Бул тууралуу Мирлан Асакеев  фейсбук баракчасына жазды.

“Кутман күн туугандар! Үч күндөн бери алышкан Боом капчыгайдагы жумушубуз толугу менен бүттү. Өз демилгебиз менен өз күчүбүз менен сырдап чыктык. Краска чыгымдары 20 000 сом болду. Аянты 780 кв.метр экен. Бул жумушка чоң салымын кошкон Турар эжеге, Элнур айымга, Айсалкын айымга, Алмаз мырзага, Талас мырзага, Алымбек агага, Райымадам агага терең ыраазычылык болсун!”,-деп жазган ал.

Эске салсак, жогоруда айтылган граффити 2015-жылы “DOXA Art-group”  тобу тарабынан “Бир Бол” партиясынын буйрутмасы менен тартылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь