Интернет колдонуучу, Атамбаевдин өзүн жана айланасындагыларды жакындан тааныйм деген Улан Джумаков Атамбаев азыр кандай абалда экендигин жазды.

” Кой-Ташта учурда абал тынч. Мурдагы диктатор өзүнүн хан сарайында тегерегин аялдар жана балдар менен курчап коюп, коркуп отурат. Аныкына келгендер жөн гана кызык болуп, сүрөткө түшүү үчүн келип жатышат.  Жасап берген тамактарын жеп жатышат. Кечкисин ашып кетсе 100 киши чогулууда. Ал эми Кой-Таш же бардык Чүй Атамбаевди колдоп жатат деген создөр эч кандай негизсиз. Өзүңөр көрүп жатасыңар го, түндөсү ашты дегенде 7-8 атчан келет. Бул кайсы айылга болбосун аздык кылат. Азыр бизде керек болсо 8-класста окуган окуучу эки саатта өзүнүн 30-40 тай атчан досторун чогулта алат. Бул жакта Президент турат!

Менде Атамбаевдин сарайынын ичинен кабарлар бар. Азыр Атамбаевдин маанайы өтө чөгүп кеткен. Мен аны жакындан билем. Бул адам аябай коркок. Сөзү менен күчтүү, көп сүйлөгөнү менен ишке келгенде аткара албай калат.

Эстеп көргүлө, мисалы, 2009-жылкы президенттик шайлоодо бийликти алам деп коркуткан. Шайлоо участкалары жабыларына бир нече саат калганда барыбызды сатып кеткен. Анын артында Кыргызстандын чоң саясатчылары турган! Азырчы? Азыр жанында кимдер жүрөт? “Белизгейт”үчүн генералдык погонду алган мурдагы агроном Сегизбаев? “Даназык” чоң ишканасын уурдап-тоногон, ашпозчу Алга Кылычев?  Менин мурдагы жакшы жолдошум Кыяз Смаилов? Бул жакшы жигит. Бирок эл анын артынан ээрчибейт! Ошондуктан Атамбаев үчүн кимдир бирөөлөр биригип жаткандай элди тынчсыздандыруунун кереги жок. Бийлик чечкинсиз болуп жаткандыгына айрым нааразычылктар бар. Бул факт! Бирок бул бардык эл Атамбаев үчүн дегендик эмес.”

Джумаков сөзүнүн аягында Атамбаев кайрадан карапайым элди көтөрүп, кан төгүүсүнө жол бербейбиз деген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: