Дубай эмиринин аялы ири суммадагы акча менен качып кетти

110

Дубайдын эмири жана Бириккен Араб Эмиратынын премьер-министри Мохаммед бен Рашид Аль Мактуманын жубайы ири суммадагы акча менен өлкөдөн качып кетти.

Чет элдик маалымат каражаты жазгандай, принцесса Хайя бинт аль-Хусейн февраль айынан бери эл алдына чыкпай калган. Маалым болгондой, ал 11 жаштагы кызы жана 7 жашар уулу менен Германияга качкан. Ал жактан башпаанек сурап кайрылып, ажырашууга арызын берген. Принцесса 40 миллион доллар алып кеткендиги айтылат.

Качып кетүүнүн себеби БАЭ менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык кризистен улам болгон деп жазылат. Айрым малыматтарда, Дубайдын эмири немис бийлигине кайрылып, аялын жана балдарын кайтаруусун талап кылган. Бирок, Германия эмирге баш тартышкан.

Эске салсак, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бин Рашид ал Махтум жакында эле уулдарынын тоюн берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь