Жолдогу ылдамдык чегин саатына 110 чакырымга чейин көтөрүү сунушталууда

223

Кыргызстандын ичиндеги эл аралык маанидеги айрым жолдордогу ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатуу боюнча Ички иштер министрлиги  сунуш киргизди.

ИИМ Кыргызстандын транспорттук паркы коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген күлүк машинелер менен толукталып жатат деп эсептейт. Коомдук талкууга коюлган документтин негиздемесинде акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган.

Ылдамдыктын чеги жолдун шарттары коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү мүмкүн.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь