Карыбек Дүйшеев Жогорку Соттун Конституциялык палатанын төрагалыгына шайланды. Ал эми анын орун басарлыгына Эмил Осконбаев жана катчы-судьялыгына Меергүл Бобукеева дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы, орун басары жана катчы-судьясы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызмат орундарын өткөрүп беришкен.
Конституциялык мыйзамдын жоболоруна ылайык палатанын жетекчилиги үч жылга шайланат.