Гонконгдун Кытайдын юрисдикциясына өтүшүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара полиция менен демонстранттардын кагылышуусу менен аяктады. Эртең менен туу көтөрүү аземине тоскоолдук кылууга аракеттенген демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, союлдарды колдонду. Анда бир канча адам жабыркаганы  айтылууда.

Кытайдын Гонконг шаарында кырдаал бир айдан бери тынчыбай келет. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы элди нааразы кылган. Мыйзамга каршы чыккандар бул долбоор диссиденттерди, акыйкатсыз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачат деп чочулашат.

Нааразылык акциясынан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен алынышы керек деп эсептешет.  Акцияга 2 миллиондой киши чыккан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: