Бишкектин №38 мектеп-гимназиясына балдар жасалма документ аркылуу кабыл алынганын аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Берилген маалыматтарга караганда,  Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери  февралдан майга чейинки аралыкта ата-энелерге жашаган жери боюнча 14 справканы мыйзамсыз негизде берген. Жарандар ал кагаз менен электрондук каттоо аркылуу балдарын №38 мектеп-гимназиясына киргизүүгө аракет жасашкан.

“2019-жылдын 12-февралында мектеп М.А. аттуу баланын документтерин кабыл алган. Анын ичинде жашаган жери тууралуу справка дагы болгон. Анда “Тунгучта” жашаган бала “Аламүдүн-1″ кичи районунун тургуну катары көрсөтүлгөн. Демек, анын №38 мектепке кирүүгө укугу жок эле”, — деп айтылат билдирүүдө.

Райондун администрациянын өкүлдөрү Муниципалдык аймактык башкармалыктан бош бланка алып, мыйзамсыз негизде толтуруу менен ата-энелерге беришкенин прокуратура билдирген.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: