Отунбаева: Атамбаевдин атышам дегени анын алсыздыгын көрсөтөт

105

Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуялар боюнча оюн ачык билдирип чыкты.

Отунбаева бул процести 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө Атамбаевдин саясий куугунтугуна алынганын белгилейт деп жазат “Азаттык”.

Отунбаева депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосунан Башкы прокуратура негиз таппай койгону өкүнүчтүү экенин, чынында Атамбаевдин тушунда анын атаандаштарына каршы иштер токулганын билдирет.

Отунбаева Атамбаевге каршы тагылган айыптар адилеттүү жана мыйзам чегинде иликтениши керектигин билдирди.

“Жебе медиа” Атамбаевдин акыркы сөздөрүн жана Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяларды катуу сындаганын жазды.

«Аялдардан, карылардан жана жаш жигиттерден айланасына чеп куруп алып, тергөө-иликтөө үчүн келишсе, куралдуу каршылык көрсөтөм деп жатат. Муну өзү оппозициялык ишмердик жана жеке эрдик катары кабыл алууда. А чындыгында бул анын саясий кудуретсиздигин жана адамдык жактан алсыздыгын көрсөтөт», — деди Отунбаева.

Отунбаева кошумчалагандай, азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен Атамбаев өлкөнү аймактарга бөлгүсү келгендигин айтты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь