Россияда кыргыз мигранты курулушта каза болду

386

Ленинград областынын Выборгск районунда кыргызстандык мигрант бийиктен кулап каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Өлкөнүн укук коргоо органы билдиргендей, 28-июнь күнү 20:00дөр чамасында курулуш жүрүп жаткан үйдөн 22 жаштагы Кыргызстандан келген жумушчу кулап кеткен. Ал алган жараатынан улам тез жардам кызматы келгенче жан берген.

Белгилүү болгондой, маркум Петербургда убактылуу каттоодо туруп, жумушта иштөөгө уруксат алган.

Жаш жигиттин өлүмү териштирилүүдө.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь